Аялдар жана балдарга карата жасалган зомбулуктун тобокелдигин азайтуу боюнча окуу өттү
АЯЛДАР ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЖАСАЛГАН ЗОМБУЛУКТУН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ БОЮНЧА ОКУУ ӨТТҮ
18-май күнү Бишкекте “Өзгөчө кырдаал жана кризистик учурларда аялдарга, балдарга карата зомбулуктун тобокелдигин азайтуу” аталышындагы окуу өткөрүлдү.
Иш чара КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгесинин аркасында “Кризистик борборлор Ассоцияциясы менен биргеликте “Гендердик теңдик боюнча Улуттук пландын” алкагында уюштурулган.
Окуу – Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам, туура аракеттенүү жолдору, абалга анализ жасоо менен мүмкүн болушунча калктын эң аялуу катмары болгон аялдарга, балдарга катаал мамиле жасалышын алдын алуу ошондой эле жардам көрсөтүүнү уюштурууну максат кылат.
18-19-май күндөрү өтө турган окууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Саламаттыктты сактоо министрлигинин Бишкек шаарындагы, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облусундагы өкүлдөрү катышты.










