Аялдар-жашообуздун маңызы жана бийик мунарасы
АЯЛДАР – ЖАШООБУЗДУН МАҢЫЗЫ ЖАНА БИЙИК МУНАРАСЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуктады.
Урматтуу асылзат аялзаты!
Жалпыңыздарды көктөм жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Сиздер өзгөчө жылуулук жана мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө теңдешсиз кубаныч, береке тартуулайсыздар. Дүйнөдө жок энелик сезим, келечек муунга арналган чексиз сүйүү жашоонун улуу көчүн улап келет. Ага катар турмуштун кандай татаал сыноосу болбосун сабырдуулук, чыдамкайлык жана күчтүүлүк менен жеңип келгениңиздер – баатырдык жана каармандык. Айрыкча кыргыз аялзаты тээ жоокердик заманда да акылы жана көрөгөчтүгү менен журт башкарып, эрдик жасаганы азыркы муунга үлгү жана сыймык! Бүгүн да өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып, ат көтөргүс эмгек жасап келесиздер. Андыктан аялдар жашообуздун маңызы жана бийик мунарасы катары коомубуздун ынтымагына жана биримдигине кошкон салымыңыздар баа жеткис.
Урматтуу айымдар!
Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас кайрат каалайм. Турмуштук активдүү позицияңыздар жана өрнөктүү өмүр жолуңуздар менен жашоодо бийиктикке гана багыттап жүрө бериңиздер.