“АЮ Гранд” соода борборунда машыгуу өттү

7-декабрь күнү КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамынын өрт өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйбасын жогорулатуу үчүн “АЮ ГРАНД” соода борборунун административдик имаратында жана кампаларында өрт тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуунун максаты-соода борбордун кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу, өрт учурунда өзүн-өзү алып жүрүү жана өрт өчүрүү каражаттарын туура колдонууну үйрөтүү болуп саналат.