Азамат Мамбетов КР ӨК министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Мамбетов Азамат Муратович 1976-жылы 16-июлда Нарын облусунун Нарын шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Улуту-кыргыз.
Билими жогорку:
1998-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «инженер-гидромелиоратор» адистиги боюнча аяктаган.
2007-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясынын командалык-штабдык, ыкчам-тактикалык жарандык коргонуу адистиги боюнча аяктаган.
2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясынын адъюнктурасын аяктаган.
1999-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырылган.
1999-2000-ж.ж. – Чүй облусунун Садовое айылындагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 81497 аскер бөлүгүнүн взводунун командири;
2000-2002-ж.ж. – КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн взводунун командири;
2002-2003-ж.ж. – Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн штаб башчысынын жардамчысы;
2003-2005-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүндө штаб башчы;
2005-жылы – Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясына окууга жиберилип, аны 2007-жылы артыкчылык диплом менен бүтүргөн жана ошол эле жылы күндүзгү бөлүмгө адъюнктурага тапшырып, 2010-жылы аяктаган. «Өзгөчө кырдаалдарга чукул чара көрүү тутумун негиздөө» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Техника илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ.
2010-2012-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында улук офицер, бөлүм башчы, Ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2012-2014-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
2014-2017-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчисинин орун басары;
2017-жылдын 27-октябрынан 2021-жылдын 11-ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы.
1999-2000-ж.ж. – республиканын түштүгүндөгү чет элдик бандалык түзүлүштөрдү жок кылууга активдүү катышкан. Согуштук аракеттерде көрсөткөн эрдиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
2001-2002-ж.ж. – Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн деңиз аскерлеринде тоо даярдыгынан өткөн.
2003-жылы Японияда жана Сингапурда UNDACтын окуу курстарына катышкан.
2012-жылы Сирия Араб Республикасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча БУУнун тынчтык орнотуу миссиясын аткарган.
Үй-бүлөлүү. Беш баланын атасы.