Азык-түлүк коопсуздугу-калктын коопсуздугу

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлкөнүн аймактарында кампалар ачылып, керектүү азык-түлүктүн кору менен толукталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резерв фондусунун жетекчиси Базарбай Мусабековдун айтымында өлкөнүн ар бир аймагы үчүн ыңгайлашкан кампалардын иши кайрадан жанданып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.