Б.Ажикеев: Азык-түлүктү сапаттуу сактоого ылайыкталган кампа курулат
Бүгүн КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын жетекчиси Кожиро Накай жана Швейцария мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасынынын чатыры жаңылангандан кийинки абалы менен тааныштырды.
Маалымат катары айтсак, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында матрезервдин кампасынын чатырын оңдоп-түзөө иши БУУнун Дүйөнүлүк Азык-түлүк программасынын алкагында Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен жүргүзүлгөн.
Министр Б. Ажикеев климатка байланыштуу табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаал учурунда калкка азык-түлүктүн жетиштүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо үчүн кампалардагы шарттарды жакшыртуу зарылдыгын айтып, учурдагы кампанын абалы эгемендүүлүк алгандан бери каралбай келгендиктен андагы азык-түлүктөрдү узакка сактоо шарты төмөн экендигин баса белгиледи. Ага катар эле бул багыттагы ӨКМдин максаттуу сунуштарын кубаттап, каржылык колдоо көрсөтүп жаткан уюмдун өкүлү Кожиро Накай жана Швейцария мамлекетинин элчиси Оливье Бангертерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле келерки жылдын жаз айынан баштап азык-түлүктү сапаттуу жана узак убакытка сактоого ылайыкталган кампа өлкөнүн түштүк аймагына куруларын айтты.
КР ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун
кампасында табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар учурунда калктын аярлуу катмарына ыкчам жардам көрсөтү үчүн материалдык жана азык-түлүктүн кору сакталат. 2022-жылы өлкөнүн баардык региондоруна жардам көрсөтүү максатында кампадан 11 миң тонна азык-түлүк, ошондой эле жакынкы күндөгү чек арадагы кагылышуудан кийин Баткенге гуманитардык жардам катары 24миң тоннага жакын азык-түлүк жөнөтүлгөн.
2022-жылы Швейцария өкмөтү тарабынан БУУ ДАТПнын Өлкөлүк стратегиялык планынын элет жериндеги аярлуу катмардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине 2,2 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Бул иш-чараны БУУ ДАТП Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге ишке ашырууда.





