Б. Ажикеев: “Республика боюнча жеткирилип жаткан кумшекер менен өсүмдүк майынын элибизге жетиштүү кору бар. Кооптонууга негиз жок”.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 20-мартта Талас облусуна барып, ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кампасынан бөлүнгөн азык-түлүктөр даректүү бөлүштүрүлүп жатканын жеринен көзөмөлгө алды.

Буга чейин да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Талас облусуна: 281 тонна арпанын, 157 тонна буудайдын, 5,05 тонна сафлордун, 7,5 тонна беденин үрөөнү бөлүнүп берилген.

Аталган фонд калктын аярлуу катмарына республика боюнча 11 467,15 тонна биринчи сорттогу ун бекер бөлүп берип, анын 528,5 тоннасы Талас облусуна таратылган.

️Талас Медиаборбору тарабынан даярдалган видеотасма.