Б. Ажикеев: “Тарых жана келечек үчүн үлгүлүү муун бололу”
Б. АЖИКЕЕВ: “ТАРЫХ ЖАНА КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ҮЛГҮЛҮҮ МУУН БОЛОЛУ”
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясын таштандылардан жана балык уулоочу торлордон арылтып, тазалоого киришти.
Келечек үчүн маанилүү жана масштабдуу иш-чараны расмий түрдө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ачып жатып: “Көлүбүздү таза сактоодо тарых алдында жана келечек үчүн үлгү бололу” , – деп баса белгилеп айтып, жалпы замандаштарды табигат тартуулаган байлыкты сактоого чакырды.
Алдыңкы 1-2 жыл аралыгында көлдүн суусун толугу менен таштандылардан арылтып, тунук жана дарылык касиети күчтүү ыйык көлүбүздүн көркөмүн, флора, фаунасын сактоодо ӨКМ жана тиешелүү ведомстволор болгон күч-аракетин жумшашат.