Б. Ажикеев: “Ысык-Көлдүн экологиясын коргоп, көл суусун көз карегиндей сактайлы”!
Б. АЖИКЕЕВ: “ЫСЫК-КӨЛДҮН ЭКОЛОГИЯСЫН КОРГОП, КӨЛ СУУСУН КӨЗ КАРЕГИНДЕЙ САКТАЙЛЫ”!
Дүйнө элин суктандырган бай табигатка, жаратылышка ээ Ысык-Көлүбүз – бүгүн туризмдин мекени.
Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын экологиясын, флора , фаунасын көздүн карегиндей сактоо, суусун коргоо, тазалыгын кароо ар бир кыргыз жаранына тиешелүү.
Мындан улам өткөн жылдын 26-апрелинде Президентибиз Садыр Жапаров Нургожоевич “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына кол койгон. Аталган Жарлыктын алкагында Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация, атайын курулмалар менен камсыздабай туруп иштетүүгө тыюу салынган.
Анын негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып бул талап аткарылбаса алардын иштөөсү токтой тургандыгын эскерткен.
Анткени саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок эс алуу үйлөрү көл жээгинин жана анын акваториясынын тазалыгына терс таасирин тийгизүүдө. Жээктерде жайгашкан шаарлар, калктуу конуштар, ишканалар көлдү булгоонун негизги булагы.
Өлкө башчыбыздын жогоруда аталган Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка тиешелүү тармактар Ысык-Көлдүн флорасына жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көл акваториясын тазалоо жана суучулдардын суу астында изилдөө иш-чараларын жүргүзүү алдында турабыз. Анткени өлкө башчыбыз баса белгилеп айткандай “Ысык-Көл бүгүнкү күндө мурдагыдан да коргоого жана аяр мамилеге муктаж”.