Б.Ажикеев: “Жаңы техникаларды өздөштүрүү үчүн кытай адистери келет”

Б. АЖИКЕЕВ: “ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ ҮЧҮН КЫТАЙ АДИСТЕРИ КЕЛЕТ”
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев УТРКнын Ала-Тоо24 каналына түз эфирде маек берди. Министр соңку Кытай Эл Республикасынан гранттык негизде келген 100 унаанын буга чейинки техникалардан өзгөчөлүктөрү, аларды республика боюнча бөлүштүрүү тууралуу кенен сөз кылды.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда, кесепеттерин жоюуда ӨКМдин жасап жаткан иштерине кенен токтолду.