Бүгүнкү күнгө карата тазалоо жумуштарынын жыйынтыгы

Баткен районунун Миң-Өрүк участкасында 7 үй, жалпысынан алганда 32 үй кол күч каражаттары менен тазаланып бүткөрүлдү.
Ал эми Ак-Сай айылынын Капчыгай участкасында 5 турак үйдөн 3075 тонна же 1709 м³ таштанды ташылып чыгарылды. Жалпысынан 37 үйдөн 16 700 тонна же 9159 м³ курулуш таштандысы чыгарылды.
Баткен району Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылында жалпысынан 15 турак үй толугу менен тазаланып,3980 м3 таштанды ташылып чыгарылды. Ал үчүн 53 куткаруучу менен кошо жергиликтүү бийликтен 4 ХОВО, Камаз, жүктөгүч жана ӨКМнен 1 бирдик эксковатор иш алып барды.