Бүгүнкүнүн баатыры бул-КУТКАРУУЧУ!
Адатта мекенди сүйүү анын чегинде туруп кайтаруу гана эмес, өз ишиңдин майын чыгарып иштөө. Анан калса адам өмүрүн сактап, жоготуулардын , кырсыктын алдын алуу чыныгы эрдик! Өлкөбүздө билими жана кесипкөйлүгү менен кызмат кылып, тоодой ийгилик жаратып, башкысы элдин батасына татыган эр азаматтар арбын. Алардын бири КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан суучул-нускоочу, прапорщик Солпуев Жалил Качкынбекович.

– Мен Солпуев Жалил Качкынбекович 1989-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөөдө эки бир тууганбыз, улуу агам жана мен. Учурда үй-бүлөлүмүн бир уулум бар. Жараткандын буйругу менен экинчи наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. 6 жылдан бери Бишкек шаардык башкармалыгындагы куткаруу кызматында иштеп келем.

–Туура айтасыз, куткаруучу өлүм менен өмүргө арачы болгон улуу кесип. Күн сайын жумушка келгенде кырсык болбосо экен деп тиленем. Бирок, тилекке каршы орду толгус жоготуулар, кыйроолор менен коштолгон кырсыктар орун алып келет. Ошентсе да материалдык чыгымдан да, адам өмүрү башкы байлык жана куткаруучуга тапшырылган аманат! Бул учурда куткаруучунун негизги милдети өзүнүн коопсуздугун камсыздандыруу. Себеби, куткаруучу өзү жабыркаса адамдарга жардам көрсөтө албай калат. Ошондуктан кандай гана кырдаал болбосун куткаруучунун жанында керектүү шаймандары болуп, тийиштүү кесиптик көндүмдөрдү милдеттүү түрдө билиши зарыл.

–Ооба, пандемия биз үчүн оор кырдал болду десем жаңылышпайм. Себеби тынымы жок күзөттөргө (постторго) туруп жаттык. Обсервациядагыларга убак-убагы менен тамак-аш жеткирип турдук. Эл көп чогулган жерлерде түшүндүрүү иштерин менен бирге дезинфекция жүргүзүп жаттык. Жакынын жоготуп, кудайга үнү жеткендерди көрүп жүрөгүң сыздайт… Мындан аркысы оңунан чыгып, элибиз аманчылыкта болсо экен.

– Көбүнчө адамдар ашыкча эле дүрбөлөңгө түшүп алышат. Бул биздин ишти кыйла татаалдантат. Кээде жумушуңду аткарып жатканда, өтүп бараткандардын көз карашы, алардын акыл үйрөткөнү да болбой койбойт. Ошондуктан, жарандарды сабырдуулукка чакырат элем.

– Бир окуя эч эсимен кетпейт. Бизге үч жаштагы бала септике түшүп кетти деп чакыруу түшкөн. Айтылган дарекке дароо жетип бардык. Септикти ачып, ал баланы издеп алып чыкканбызда, бөбөк эбак чарчап калыптыр. Мындай учурларда өзүңдү күнөөлүү сезип, жүрөгүң сыгылып кетет…Аздан соң каза болгон баланын чоң атасы бизди өлүктү жуу зыйнатын кылууга жардам сурап калды. Биз анын суранычын четке какпай, колдон келген жардамыбызды көрсөтүп баштадык. Бир учурда жанымда турган фельдшердин көзүнөн жаш тынбай ага баштады. Анын ошол курактагы баласы бар эле. Аны көрүп мен да токтоно албай ыйлай бердим. Албетте, ата-эне үчүн баланын амандыгы башкы бакыт эмеспи. Тилегеним өмүрүн толук жашабай, бейкүнөө кеткен наристелер кырсыктан тышкары, бактылуу балалыкты башынан өткөрүп жашаса экен.

–Ар бир чакырууда ийгиликтүү аткарылган иш үчүн ыраазычылык сөздөрдү угабыз. Биздин кылган эмгегибизди баалап, өздөрүнүн ак батасын беришсе, андан бетер сүйүнүп калабыз. Чынында жөн гана, жан-дүйнөдөн айтылган жылуу сөз адамды бир кыйла кубандырып, шыктандырат эмеспи.
Ишимдин артынан жакын адамдар менен таанышып, дос күттүм, кадыр-баркка ээ болдум. Аны менен бирге бир катар сыйлыктарды: Сууда чөккөндөрдү куткаргандыгы, II-даражадагы мыкты аскердик кызматы, 4170м бийиктиктеги “Комсомолец” чокусун багындырганы үчүн Кыргызстандын альпинисти медальдары жана министрликтин, мэриянын ардак грамоталары менен сыйландым. Ишимди баалаган жетекчиликке ыраазычылык. Бул биздей катардагы кызматкерлер үчүн чоң стимул.

– Рахмат, сизди дагы келе жаткан жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Биринчиден Жаңы жыл күнү, дегеле кышында бизге чакыруулар көп түшөт. Ар кандай жардам сурап чалышат. Ошондуктан майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте жана даярдыкта турабыз.
Маегиңизге чоң рахмат!

