Баатырларыбызды бирге тосуп алалы!
АНОНС! АНОНС! АНОНС!


КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАТ
УРМАТТУУ ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ!
Туркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.
Кырсык катталган аймакта 24 саат иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларыбызды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырууну каалаган медиа өкүлдөрү аккредитациядан өтүүнү суранабыз.
