Бакай-Ата районунда окуучуларга атайы машыгуу өткөрүлдү

Талас облусунун Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери “Кызыл Ай” коому менен биргеликте райондун Кызыл-Сай айылындагы “Манас” лицейинде жана “Чалдыбар” мектеп-интернатынын мугалимдерине, окуучуларына атайы машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында окуучуларга өрт кырсыгы жана жер титирөө катталган учурда көрүлүүчү ыкчам аракеттер, эвакуациялык жолдор жана эрежелер практика жүзүндө көрсөтүлүп, үйрөтүлдү. Ошондой эле балдардын суроолоруна адистер жооп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР