Бала бакчадагы өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Ленин районунда чыккан өрт тууралуу кошумча такталган маалымат боюнча, Жумабека көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу “Дастан” бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Болжол менен жалпы өрттөнгөн аянты – 200 м2 түзөт.