“Балдар-планетанын келечеги”

Алдыда келе жаткан 1-июнь – балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ӨКМге караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери «Биздин балдар – планетанын келечеги» деген ураан астында экскурсия өткөрүштү.

Экскурсияга чейин Ош шаарынын М.Горький атындагы №8 мектеп-гимназиясында «Балдар үчүн коопсуздук сабагы» өткөрүлдү.

Сабактын негизги багыты балдарды ар кандай өзгөчө кырдаалдардын шарттарындагы аракеттерге даярдоо. Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери окуучулардын жайкы каникул учурундагы жүрүм-туруму тууралуу айтып, үй шартында, жаратылышта, анын ичинде сууда коопсуздук маселелерин козгоп, окуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана отко этиятсыз мамиле кылуу чоң кырсыкка алып келишин эскертишти.

Ал эми №12 өрт-куткаруу бөлүмүндө өрт өчүрүүчүлөр өрт өчүрүүчү унааларды, өрт-техникалык куралдарды жана шаймандарды, кийимдерди көрсөтүп, аларды кийип көрүүгө уруксат беришти. Мындан сырткары балдарга өрт өчүрүүчү куткаруучу лап ар дайым күжүрмөн даярдыкта тураарын түшүндүрүп беришти.

Мектеп окуучулары күн сайын өрт өчүрүү жана адамдарды куткаруу кызматында иштеген адамдар менен болгон баарлашуудан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышты.

Окуучулар эң башкысы өрт коркунучтуу, андыктан өрт коопсуздук эрежелерин сактоо керек экенин түшүнүштү.