Балыкчы шаарында үйдүн чатыры күйдү

7-декабрь күнү саат 12:40 чамасында Балыкчы шаарынын Бозов көчөсүндөгү турак үйдүн чатыры күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүкчө тартылып, саат 13:08 де чектөөгө алынып, 13:45 де толук өчүрүлгөн.
Жалпысынан 90 чарчы метр үйдүн чатыры күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.