Батирде жансыз дене табылды

Бүгүн 8-декабрь күнү Горький көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батирлердин биринде эшиги бекилип жана батирдин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, куткаруучулар эшикти ачкан кезде, батирдин ичинен 1966-ж.т. А.О. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.