Батирден жансыз дене табылды

16-декабрь күнү куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин бириндеги бекилип калган эшикти ачышканда, ичинен 1997-ж.т. К.К. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.