Батирден жансыз дене табылды

Бүгүн 20-декабрь күнү саат 15:12 чамасында Октябрь районунун 7-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринде эшиги бекилип, батирдин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 73 жаштагы В.С. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.