Батирден жансыз дене табылды

13-март күнү ӨКМге Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин биринде жашоочусу байланышка чыкпай, эшиги бекилип калгандыгы туралуу маалымат түшкөн.

‼️Жерине №16 ӨКБ куткаруучулары тартылып, куткаруучулар эшикти ачкан кезде батирдин ичинен 51 жаштагы Ж.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.