Батирден жансыз дене табылды

7-декабрь күнү саат 19:55те Сокулук райондук ӨКБнүн №23 ӨККБнүн кезмет нөөмөтчүсүнө Шопоков шаарынын Дзержинский көчөсүндө жайгашкан батирдин эшигин ачып берүү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке 2 куткаруучу саат 20:00дө чыгып, саат 20:24тө жетип, батирге терезе аркылуу кирип эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинде 1949-ж.т. Ю.Л. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Каза болгон жарандын сөөгүн куткаруучулар райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришти.