Батирдин ичинен адамдын сөөгү табылды

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу 11-кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн бириндеги батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам куткаруучулар жеринде бекилип калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинен 41 жаштагы А.С аттуу адамдын сөөгү табылган. Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.