Баткен: 19 654 м3 таштанды чыгарылды
Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылында жалпысынан 47 турак үй тазаланып, 19654 м3 таштанды ташылып чыгарылды. Кол күч каражаттары менен жалпысынан 58 турак үй тазаланды.
ӨКМ куткаруучуларынан сырткары жергиликтүү бийликтен 1 ХОВО, 1 жүктөгүч жана ӨКМнен 1 бирдик эксковатор, Кара-Суу районунан 3 ХОВО, Ноокат районунан 1 жүктөгүч, Жалал-Абад облусунан 12 КамАЗ тартылды.