Баткен: 2022-жылдын 24-сентябры, саат 08:00гө карата эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат

2022- ЖЫЛДЫН 24-СЕНТЯБРЫ, СААТ 08:00гө КАРАТА
ЭВАКУАЦИЯЛОО ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 69 776 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 158 жаран эвакуациялык пунктарда, 4 539 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 58 297 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Баткен облусуна жалпы 1404 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 207 тонна КР ӨКМ тарабынан, 990 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 206 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 13;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 64;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР