Баткен: 25 турак үй сел кооптуулугунан корголууда
БАТКЕН: 25 ТУРАК ҮЙ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОЛУУДА
КР ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” чараларынын негизинде сел коркунучунан коргоо аракети облус аймагында кызуу уланууда. Быйылкы жылга карата бекитилген объекттерде, сел жүргөн сай ичинде механикалык тазалоо жана габион торчолорун орнотууга даярдык иштери жүрүп жатат.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылында 1 бирдик бульдозер техникасы тартылып, аталган айылдагы сел өтүүчү сайдын нугу тазаланууда. Жумуш бүткөрүлсө, сай жээгине жакын жайгашкан 25 турак үй, 900 м ички чарбалык жол жана 1600 м ички чарбалык арык сел коркунучунан коргоого алынат.