Баткен: 25 турак үйдү сел коркунучунан коргоо жумушу башталды

Баткенде  25 турак үйдү сел коркунучунан коргоо жумушу башталды. Ал үчүн КР ӨКМнин 1 бирдик бульдозер техникасы тартылып, кечээтен баштап Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы Самаркандек айылында сел коркунучунан коргоо аракети колго алынды.

Аталган айылдын Подстанция участкасында башталган жумуш бүткөрүлсө, узундугу 1000 м аралыктагы сел жүрүүчү сайдын механикалык тазалоо жумуштары аяктап, 25 турак үй жана 3 га огород сел коркунучунан корголот.