Баткен: 27 үй сел калдыктарынан тазаланды
Бүгүн, 20-июнь саат 13:00гө карата Кызыл-Кыя шаарында 18-июнь, саат 18:00 чамасында келген сел суулары кирген 27 турак үйдө тазалоо иштери бүткөрүлдү.
Ошондой эле, И.Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан 4 социалдык объектилер сел калдыктарынан тазаланды.
Кечээ, 20-июнь күнү 36 турак үй тазаланып, жалпы 1020м3 сел калдыктары ташылып чыгарылды.
Тазалоо иштерине ӨКМнен 106 куткаруучу жана жалпы 9 техника тартылып, калган турак үй жана социалдык объектилерде селден кийинки тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда келтирилген чыгымдар боюнча жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин алып барууда.
Эске салсак, 18-июнь күнү нөшөрлөгөн жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.