Баткен: 550 габион торчо орнотулууда

БАТКЕН: 550 ГАБИОН ТОРЧО ОРНОТУЛУУДА
КР ӨКМдин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасынын негизинде Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында сел коркунучунан коргоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин сел өтүүчү сайдын 2,5 чакырым аралыгы ӨКМдин техникалык каражаттарынын жардамы менен сел өтүүчү сайдын ичин механикалык тазалоо жана сай жээгин бекемдөө иштери аткарылган.
Бүгүнкү күндө аталган объектте ӨКМ тарабынан даярдалган габион торчолору жерине жеткирилип, жалпы 550 даана габион торчо бөлүнүп берилген.
Жыйынтыгында Самаркандек айылындагы Подстанция, Жаш-Тилек жана Жайылма участкасынын жээгинде жайгашкан турак үй, эгин аянттары жана ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынат.