Баткен: 8 команда катышкан футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды
БАТКЕН: 8 КОМАНДА КАТЫШКАН ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 17-февраль күнү Кызыл-Кыя шаарында уюштурулган футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Салт катары ар бир бөлүк өткөрүп келаткан достук мелдешинде командалар мыкты оюн көрсөтүп,
1-орун Башкармалыктын, 2-орун Лейлек, ал эми 3-орун Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн пайдасына чечилди.
Өздүк курамдын ынтымак, достугуна көпүрө болгон мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлап жатып, башкармалыктын башчысы полковник Э.Дыйканбаев команда үчүн мыкты оюн көрсөткөн ар бир кызматкерге ыраазычылык билдирүү менен кесипкөйлүк, ийгилик каалады.
Мындан сырткары, башкы орундар менен кошо ,”Мыкты чабуулчу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациясынын ээлери да өзүнчө сыйлыкка ээ болду.









