БАТКЕН: АБАЛ ТУРУКТАШЫП, ЖАРАНДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫП КЕЛҮҮДӨ

28.01.2022
🔴БАТКЕН: АБАЛ ТУРУКТАШЫП, ЖАРАНДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫП КЕЛҮҮДӨ
(ыкчам маалымат саат 20:00гө карата)

‼️Баткен облусундагы абалга байланыштуу, кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан эвакуациялангандардын 9 880и туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө.

‼️Жарандарды кайра көчүрүү иши ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан жарандарды туруктуу жерине жайгаштыруу иши жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, жарандар өзүлөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат.

‼️Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 052 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 410 адам туугандарынын үйлөрүнө, 642 адам жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.

‼️Аталган пункттарда ӨКМдин Баткен облустук түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, жарандарды ысык тамак-аш, биринчи кезекте зарыл болгон гигиеналык каражаттар, 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) менен камсыздашкан.

‼️Эскерте керсек, Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кординациялоодо.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР