Баткен: Айдаркен базарында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү

БАТКЕН: АЙДАРКЕН БАЗАРЫНДА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылдын мерчем планынын негизинде өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жана өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында машыгуу өткөрүлдү. Иш чара Айдаркен шаарынын базарында уюштурулду.
Базардан чыккан өрттү өчүрүүгө №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүк тартылып, тилсиз жоонун кесепетинен жабыр тарктан 2 жаран куткарылды. Биринчи жардам көрсөтүлүп, 2 жаран тең тез жардам кызматына өткөрүп берилди.