БАТКЕН: АЙМАКТАГЫ СОҢКУ КЫРДААЛ
БАТКЕН: АЙМАКТАГЫ СОҢКУ КЫРДААЛ
Баткендеги кырдаалга байланыштуу, соңку маалымат боюнча аймактан болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Алардын 10410 коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар а/а, Самаркандек а/а Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6000 ге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү.
Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлдү.
Ошондой эле, Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды.
Ага катар эле, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.
Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.