Баткен: Атайын алдын алуу чаралары колго алынууда
БАТКЕН: АТАЙЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ КОЛГО АЛЫНУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Э.Кулматов Баткен облусун кыдырып чыгып, атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары менен жеринде таанышып чыкты. Алгач Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек районунун аймагында тиешелүү кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жумуш алып барып, Баткен районунун аймагындагы объекттерде 2 күндөн бери Баткен районунун аймагында жүрөт.
Жаз айларындагы жаан-чачынга байланыштуу сел кырсыктарынын алдын алуу багытында быйылкы жылга сунушталган объекттерде болуп, турак үйлөрдү сел сууларынан сактоо жана сел жүрүүчү сайларда механикалык тазалоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча жеринде таанышып чыкты.
Маалымат катары айта кетсек, бекитилген графикке ылайык облустун бардык район-шаарларындагы объекттерде сел жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча техникалык каражаттар тартылып, коргоо чаралары башталды.





