Баткен: Бүтүрүүчү класстын окуучулары өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен жолугушту
БАТКЕН: БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Куткаруучулардын жумуш күнү менен таанышууга келген мектеп окуучулары Баткен шаарындагы С.Айтматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү класстары. Алар бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар колдонуучу шаймандар, өрт өчүрүүчү унаа жана андагы артыкчылыктар менен жакындан таанышты.
Мындан сырткары, өрт учурунда кандай эрежелерди сактоо керек, куткаруучунун бир күндүк жумуш күнү кандай өтөт деген суроолорго жооп алышып, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен жакындан баарлашууга жетишти.