Баткен: Булак-Башы тилкесинен өрт чыкты

Алдын ала маалымат боюнча Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кык жайлоосунда Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаардык №26 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.