Баткен элине жардам көрсөтүлөт
16.09.2022
БАТКЕН ЭЛИНЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛӨТ
Бүгүн, 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Баткен облусундагы куралдуу кагылышууга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү координациялык топтун отуруму болуп өттү.
Отурумда Координациялык топтун тең төрагасы, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Баткен облусунда Тажик Республикасынын куралдуу күчтөрү Кыргыз Республикасынын чек арасына кол салгандыгын айтып, анын кеспетинен жабыр тарткан жарандарды эвакуациялап, коопсуз жайларга жайгаштыруу жана аларга комплекстүү жардам көрсөтүү тууралуу билдирди.
Жыйынга аталган координациялык топтун тең төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы координатору Антье Гравен жана бир топ эл аралык уюмдарынын окулдөрү Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыр тартып, үй жайын калтырып коопсуз жайларга көчүрүлгөн айыл тургундарына ар тараптуу жардам көрсөтүү сунуштары талкууланды.
Натыйжада Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү координациялык топтун өкүлдөрү жабыр тарткан жарандарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришип, аны аткарууга атайын иш планы түзүлдү.
Мындан сырткары эл аралык уюмдардан турган топ жерине барып, окуянын кесепеттерин көрүү жана анализ жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.




КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР