Баткен: Эвакуацияланган жарандар боюнча соңку маалымат

(Ыкчам маалымат саат 14:00)

Баткенде  жаралган кырдаалга байланыштуу  ӨКМ тарабынан аймактагы калкты коопсуз жерге көчүрүү иши жүргүзүлгөн. КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык эвакуациялангандардын жалпы саны 11 052 адамды түзөт.

Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйлөрүнө, 642 адам уюштурулган  7 убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

Такталган маалымат боюнча  642 жарандын 82си эркек, 208и аял, 352си жаш балдар.

Учурда Баткен аймагында абал туруктуу. Убактылуу көчүрүлүп келген жарандарды тамак-аш азыктары жана зарыл болгон каражаттар менен камсыз кылынууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан убактылуу жайгаштыруу пункттарына 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) негизги керектелүүчү буюмдар менен  камсыз болушту.