Баткен: Көмүр шахтасында чыккан газ тосулду

Бүгүн, 25-май күнү Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылындагы көмүр шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган даректеги шахтада парустук тосмо орнотуу үчүн шаардагы Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу тартылып, 500 метр тереңдикте газ чыккан жерге парустук тосмо орнотуу жумушун ийгиликтүү аякташты.
Бактыга жараша шахтада жумушчулар болгон эмес жана жабыр тарткандар болгон жок.