Баткен: Көп тармактуу колледжде машыгуу өттү

БАТКЕН: КӨП ТАРМАКТУУ КОЛЛЕДЖДЕ МАШЫГУУ ӨТТҮ
Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери тарабынан бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжинде машыгуу өткөрүлдү. Алгач окуу жайдын окутуучулары жана студенттери үчүн өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча сабак уюштурулду.
Андан соң өзгөчө кырдаал катталгандыгы тууралуу айгай салынып, окутуучулар менен студенттер имараттан коопсуз жайга эвакуацияланды.
Табигый кырсыктарга даярдык иштерин жүргүзүү ар убакта зарыл экендигин жана жакынкы аралыкта масштабдуу машыгуу өткөрүү максатын билдирген окуу жай жетекчилиги мындай аракет менен жаштарга өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүүнүн эрежесин жана өзүн сактап калуунун жол-жобосун үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк ачыларын билдирди.
Ал эми ӨКМ офицерлери имараттын эвакуация картасы жана коопсуздук чаралары менен таанышып чыгып, жетекчиликке сунуш жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.