Баткен: Калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү элден 40 жаран тартылды

Кечээ, 15-май күнү кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан Кадамжай районунун Охна, Бел айылдарында сел өтүүчү сайынан сел жүргөн.

Жаандын кесепетинен бетон шакекче менен курулган 7 көпүрөнүн кум шагалдары бузулуп, Кадамжай-Айдаркен авто жолундагы унаалар өтүүчү көпүрөнүн жээги, ички чарбалык жол жана сай жээктери эрозияга учураган.

Ошондой эле Ирилеш айылында 5 турак жайдын огородуна жана 1 турак-жайдын жертөлөсүнө сел суулары кирген.

Калыбына келтирүү иштери боюнча бүгүн жергиликтүү жашоочулардан 40 жаран, №46 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик ХОВО жана 1 бирдик жүктөгүч техникасы иштеп жатат.