Баткен: Катталган өрт куткаруучулар тарабынан өчүрүлдү

Бүгүн, 2022-жылдын 19- сентябрь күнү Лейлек районунун Раззаков шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде чыккан өрттүн аянты 5 чарчы метрге жетип, жалындын кесепетинен муздаткыч жана эмерек күйгөн.
Ошондой эле, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында да өрт чыгып, куткаруучулардын жардамы менен өчүрүлдү.
Ал эми Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында турак үй өрттөнгөндүгү боюнча маалымат түшүп, бөлүм барган учурда топтолгон таштанды өрттөнгөндүгү анык болгон. Жалын толугу менен өчүрүлдү.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.
Өрттүн себеби такталууда.