Баткен: ӨКМ командасы мелдеште 1-орунду камсыздады

📌Аскер кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш өткөрүлүп, ага облус аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышты. Аталган иш-чара Баткен чек ара башкармалыгы жана Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, алгач командалар волейбол боюнча мелдешти.

Мелдешке жалпысынан аскер бөлүктөрүнөн куралган 7 команда катышты. Ал эми КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарында жайгашкан 3-өзүнчө издөө-куткаруу отряды жана Тоо-кен куткаруу кызматынын өздүк курамы менен биргеликте 1-орунду камсыздоо менен кубок жана атайын сыйлыкка ээ болду.

Мелдеш 23-февраль-Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына карата уюштурулду.