Баткен: ӨКМ куткаруучулары кооптуу аймактарда жумуш алып барды

БАТКЕН: ӨКМ КУТКАРУУЧУЛАРЫ КООПТУУ АЙМАКТАРДА ЖУМУШ АЛЫП БАРДЫ
Жаз мезгилиндеги туруксуз аба ырайына жана нөшөрлөп жааган жаан-чачынга байланыштуу кооптуу аймактарда табигый кырсыктар, анын ичинде таш кулоо процесстери катталуу коркунучу бар. Айрыкча жер титирөө катталган учурларда жылып, сүрүлүп кетүүсү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаменти Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент, Газ айылдарындагы кооптуу участкалар атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, Согмент айылынын күн-чыгыш тарабындагы тоо тилкелеринде таш кулоо процесстери орун алган участкалар байкалган.
Аталган тилкенин ылдый тарабында жайгашкан турак-жай ээлерине түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Натыйжада Баткен-Газ унаа жол каттамынын сол тарабындагы тоо тилкелеринде жайгашкан таштар түшүрүлдү. Ал үчүн Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө идөө-куткаруу отрядынан 12 куткаруучу тартылып, кооптуулукту жоюу чаралары жүргүзүлдү.
6-25 тоннага чейинки көлөмдөгү таштар кол күч каражаттары менен алынып, 6 турак-жай, электр мамычалары, анын ичинде эң кооптуу делген тилкеде жайгашкан 3 турак үй ээлери таш кулоо коркунучунан сакталып калды.