Баткен: ӨКМ куткаруучулары тоо шартында машыгууда

КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы күжүрмөн даярдыкты камсыздоого катышууда. Отряд командири майор К.Шариповдун жетекчилиги менен куткаруучулар кечээтен бери талаа шартында жүрүшөт.
3 күндүк машыгуунун натыйжасында тоо шартында куткаруу иштери жүргүзүлүп, куткаруучулар бул багытта өз тажрыйбасын арттырат. Ошондой эле, кызматкерлер бийик аскаларга чыгып-түшүү, жабыркаган жарандарды куткаруу, издөө жана башка атайын даярдыктардан өтүшөт.