Баткен: ӨКМ кызматкерлери өрт коопсуздук эрежелерин эскертет
БАТКЕН: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТЕТ
ӨКМ кызматкерлери бүгүн облустун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштерин улантышты. Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери Таштемир-Ажы базарында болуп, соода түйүндөрүнүн соодагерлерине жана “Жеткинчек” балдар бакчасынын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ал эми Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында ӨКМ кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүн кыдырып чыгып, от жагууда жана электр приборлорун пайдалануудагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.









