Баткен: ӨКМ министри Б.Ажикеев кординациялоодо
Баткен облусундагы абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын кординациялоодо.
Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары “Өзгөчө кырдаал” режимине өткөрүлүп, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланган. Эвакуацияланган жарандарга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулду.