Баткен: ӨКМ тарабынан 244 куткаруучу иш алып барууда

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлгөн тактоо иштеринин жыйынтыгы менен жабыркаган үйлөрдүн саны такталып, жашоого жараксыз абалга келген 422 үй аныкталган.
Буга байланыштуу кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана кайра калыбына келтирүү иш чараларына КР ӨКМ тарабынан жалпысынан 244 жеке курам, 40 атайын техника тартылып, облус боюнча 219 турак үй бузулуп, жалпы жумуштун жыйынтыгы менен 51 747 м3 көлөмдөгү таштанды чыгарылды.