Баткен: Комплекстик өрт тактикалык машыгуусу өттү

Кызыл-Кыя шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бекитилген планынын негизинде  “Альфа-Ойл” нефть базасында комплекстик өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Машыгуунун алкагында өрт чыккан учурда аталган мекеменин өздүк курамынын аракеттери жана өрттү өз убагында өчүрүү, алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Машыгууга Кызыл-Кыя шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын тиешелүү кызматтары да кошо тартылды. Жыйынтыгында шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан түшүндүрүү, алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү.