Баткен: Кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү

БАТКЕН: КООПТУУ АЙМАКТАРДА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаменти жаз–жай мезгилинде ар кандай табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларын жүргүзөт. Иш мерчемдин негизинде Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент, Газ айылдарындагы кооптуу участкаларга департамент адистери жана ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада Согмент айылынын күн-чыгыш тарабындагы тоо тилкелеринде таш кулоо процесстери орун алган участкалар байкалгандыктан, аталган тилкенин ылдый тарабында жайгашкан турак-жай ээлерине түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган участкалар Баткен-Газ унаа жол каттамынын сол тарабындагы тоо тилкелеринде, ар кандай көлөмдөгү таштар болжол менен 70-80 метр бийиктикте тоо боорунун эңкейиш жерлеринде орун алып, сүрүлүп түшүүсү байкалып турат.
Учурда таш кулоо коркунучунда 6 турак-жай, электр мамычалары жайгашып, анын ичинде өтө кооптуу участкада турган 3 турак-үй ээлерин коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери жергиликтүү бийлик органдарына сунушталды.
Белгилей кетсек, таш кулоо процесстери нөшөрлөп жааган жаан, жер титирөө катталган учурларда жылып, сүрүлүп кетүү коркунучу бар.